Базар-Коргон райондук Өнүктүрүү фондуна сунушталган таштанды таштоочу контейнерлерди орнотуу долбоору колдоого алынып, учурда ишке ашырылып жатат. Бул долбоордун алкагында Базар-Коргон шаарынын аймагына жалпы 17 даана чатыры бар таштанды таштоочу контейнерлер орнотулат.
Контейнерлердин өзгөчөлүгү катары, таштандыны ирээттөөчү урналар да кошумча орнотулат. Бул чара шаардын тазалыгын сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында жасалып, тургундарга таштандыларды сорттоону жеңилдетет. Долбоор Базар-Коргон шаарынын көчөлөрүнө заманбап тазалык стандарттарын алып келип, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.