ЖАРЫЯ!
Базар-Коргон шаарынын мэриясы, Мэрияга караштуу бош турган маданият үйүнүн жетекчиси кызмат ордуна талапкерди дайындоо үчүн жарыя берет.
Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу маданият үйүнүн жетекчиси кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:
Маданият үйүнүн башчысы (2 бирдик)
- Кесиптик билим деңгээли : “Маданият жана искусство” багыты
боюнча жогорку кесиптик билими же төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу
- Иш стажы жана тажрыйбасы: жетекчилик кызмат орундарында
1 жылдан кем эмес иш стажы же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багытындагы чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:
. Арыз;
. Резюме (электрондук почта жана телефон номерин көрсөтүү менен);
. Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
. Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;
. Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
. Паспорттун көчүрмөсү;
Документтер, жарыя “www.bazarkorgonmeriya.gov.kg” Веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап, төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат.
Дареги: Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Базар-Коргон шаары, К. Култаев көчөсү №84, Базар-Коргон шаарынын мэриясы
Байланыш телефондору: 0778 04 84 08, 0995 15 55 08