Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмонов шаар аймагында 2025-жылга карата аткарылуучу жумуштардын иш планын карап чыгып, иш планга бир катар толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берди. Жыйынга мэриянын алдындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана бөлүм башчылар катышты.