Автору: Админ Бaзaр-Кoргoн

Маданият үйүнүн жетекчиси кызмат ордуна дайындоого жарыя!

ЖАРЫЯ! Базар-Коргон шаарынын мэриясы, Мэрияга караштуу бош турган  маданият үйүнүн жетекчиси  кызмат ордуна талапкерди дайындоо үчүн  жарыя берет. Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу маданият үйүнүн жетекчиси  кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар: Маданият үйүнүн башчысы (2 бирдик)   Кесиптик билим деңгээли : “Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими же төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу   Иш стажы жана тажрыйбасы: жетекчилик кызмат орундарында 1 жылдан кем эмес иш стажы же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багытындагы чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.   ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР: . Арыз; . Резюме (электрондук почта жана телефон номерин көрсөтүү менен); . Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); . Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүргөн негизги жана кошумча  билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү; . Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; . Паспорттун көчүрмөсү; Документтер, жарыя “www.bazarkorgonmeriya.gov.kg” Веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап,  төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат. Дареги: Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Базар-Коргон шаары,         К. Култаев көчөсү №84, Базар-Коргон шаарынын мэриясы   Байланыш телефондору:  0778 04 84 08, 0995 15 55 08  ...

Read More

Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүүгө конкурс!

Базар-Коргон мэриясынан Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин 2025-жылы пайдалануу үчүн ижарага берүүгө конкурс...

Read More

Базар-Коргон шаарынын мэри: Бюджеттин киреше бөлүгү 107,9 пайызга аткарылды

  Базар-Коргон шаарынын мэри Тамерлан Осмонов: Базар-Коргон шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджети 107,9 пайызга аткарылды. Шаар аймагында көптөгөн жетишкендиктер...

Read More

Капар Култаев көчөсүнө түнкү жарыктандыруу орнотулуп жатат

Базар-Коргон шаарындагы Капар Култаев көчөсүнүн 2 чакырым аралыгына түнкү жарыктандыруу орнотулуп жатат. Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мекемеси тарабынан бул көчөдөгү эскилиги жеткен прожекторлор алмаштырылып, жумушчулар иштеп жатат. Эске салсак К.Култаев көчөсүнүн 2 чакырымдан ашуун автоунаа жолу Жолтейлөө ишканасы тарабынан асфальт...

Read More

Шаар аймагында III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жыйындары уюштурулду

Базар-Коргон шаарынан кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча шаар аймагында жыйындар өткөрүлдү. Жыйындар Базар-Коргон шаардык Кеңешинин токтому жана мэрдин буйругуна ылайык 2024-жылдын 3-5-декабрь аралыгында уюштурулуп, делегаттар...

Read More

Базар-Коргон шаардык Кеңешине шайлоо өткөрүлдү

Базар-Коргон шаардык Кеңешине депутаттарды шайлоо өткөрүлдү. 2024-жылдын 17-ноябрь күнү Базар-Коргон шаары боюнча жалпы 16 шайлоо тилкесинде добуш берүү болуп өттү. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын кызматкерлери ар бир шайлоо тилкесине бөлүнүп, тийиштүү шарттар менен...

Read More

2км ашуун жолго асфальт төшөлдү

Базар-Коргон шаарынын аймагындагы К.Култаев көчөсүнө 2км ашуун жолго асфальт төшөлдү. Жолдун ачылуу аземине Жогорку Кеңештин дептутаты Т.Масабиров, мекеме-ишкана, аткаруу бийлигинин башчылары жана тургундар катышып, жол пайдаланууга берилди. Жолду асфальттоо жумуштары №50 Жол тейлөө ишканасы тарабынан мамлекеттик каражаттын эсебинен...

Read More

Чыңгыз Айтматов

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган. 1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон. Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жж. “Литературный Киргизстан” журналынын редактору, 1960-1965-жж. “Правда” гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жж. “Иностранная литература” журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон. Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси “Гезитчи Дзюйдо” деген ат менен 1952-жылы “Киргизстан” альманахында орус тилинде...

Read More

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарынын мэриясы башкы, улук жана кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарынын мэриясы башкы, улук жана кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт Муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар: Кыргыз Республикасынын жараны соттуулулугу жок 18 жаштан жогору квалификациялык талаптарга ылайык Ченемдик укуктук базаны билүүсү Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз...

Read More
  • 1
  • 2
Skip to content