Автору: Админ Бaзaр-Кoргoн

Базар-Коргон шаарынын мэри: Бюджеттин киреше бөлүгү 107,9 пайызга аткарылды

  Базар-Коргон шаарынын мэри Тамерлан Осмонов: Базар-Коргон шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджети 107,9 пайызга аткарылды. Шаар аймагында көптөгөн жетишкендиктер...

Read More

Капар Култаев көчөсүнө түнкү жарыктандыруу орнотулуп жатат

Базар-Коргон шаарындагы Капар Култаев көчөсүнүн 2 чакырым аралыгына түнкү жарыктандыруу орнотулуп жатат. Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мекемеси тарабынан бул көчөдөгү эскилиги жеткен прожекторлор алмаштырылып, жумушчулар иштеп жатат. Эске салсак К.Култаев көчөсүнүн 2 чакырымдан ашуун автоунаа жолу Жолтейлөө ишканасы тарабынан асфальт...

Read More

Шаар аймагында III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жыйындары уюштурулду

Базар-Коргон шаарынан кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча шаар аймагында жыйындар өткөрүлдү. Жыйындар Базар-Коргон шаардык Кеңешинин токтому жана мэрдин буйругуна ылайык 2024-жылдын 3-5-декабрь аралыгында уюштурулуп, делегаттар...

Read More

Базар-Коргон шаардык Кеңешине шайлоо өткөрүлдү

Базар-Коргон шаардык Кеңешине депутаттарды шайлоо өткөрүлдү. 2024-жылдын 17-ноябрь күнү Базар-Коргон шаары боюнча жалпы 16 шайлоо тилкесинде добуш берүү болуп өттү. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын кызматкерлери ар бир шайлоо тилкесине бөлүнүп, тийиштүү шарттар менен...

Read More

2км ашуун жолго асфальт төшөлдү

Базар-Коргон шаарынын аймагындагы К.Култаев көчөсүнө 2км ашуун жолго асфальт төшөлдү. Жолдун ачылуу аземине Жогорку Кеңештин дептутаты Т.Масабиров, мекеме-ишкана, аткаруу бийлигинин башчылары жана тургундар катышып, жол пайдаланууга берилди. Жолду асфальттоо жумуштары №50 Жол тейлөө ишканасы тарабынан мамлекеттик каражаттын эсебинен...

Read More

Чыңгыз Айтматов

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган. 1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон. Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жж. “Литературный Киргизстан” журналынын редактору, 1960-1965-жж. “Правда” гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жж. “Иностранная литература” журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон. Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси “Гезитчи Дзюйдо” деген ат менен 1952-жылы “Киргизстан” альманахында орус тилинде...

Read More

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарынын мэриясы башкы, улук жана кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарынын мэриясы башкы, улук жана кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт Муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар: Кыргыз Республикасынын жараны соттуулулугу жок 18 жаштан жогору квалификациялык талаптарга ылайык Ченемдик укуктук базаны билүүсү Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз...

Read More

Базар-Коргон шаардык мэриясынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан тоорука коюлуучу жер аянттары

ЖАРЫЯ 30.08.2024 жыл                                                                                            Базар-Коргон шаар Базар-Коргон шаардык мэриясынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан тоорука коюлуучу жер аянттары : 1.Бобур-1 участкасынын №31 контурунан————-2,0га 2.Бабур-2 участкасынын №143 контурунан ———–5,0 га №238 контурунан———-7,0га 3. Актайлак-Ата-1 участкасынын № 234 контурунан ——–5,0га №245 контурунан———4,0га 4. Актайлак-Ата-2участкасынын №256 контурунан———7,0га Жалпысы болуп——-30,0гектар сугарма жер аянты Уч-Эмчек участкасынан——–22,0га Жети-Кошкон участкасынын №282 контурунан—10,0га...

Read More

Социалдык имараттарды кышка даярдоо боюнча текшерүү жана чаралар көрүлүүдө

Базар-Коргон шаарынын мэриясы социалдык имараттарды кышка даярдоо боюнча иштерди активдүү жүргүзүүдө. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан бардык социалдык объекттер, анын ичинде мектептер, бала бакчалар, оорукана жана башка коомдук мекемелер жеринде текшерилип, жылуулук системаларын даярдоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Текшерүүнүн жүрүшүндө имараттардын абалы, жылытуу системаларынын иштеши жана кышкы шарттарга даярдык деңгээли такталды. Аныкталган кемчиликтерди жоюу жана жылуулукту камсыздоо үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Бул иш-чаралардын негизги максаты – шаар тургундарынын, айрыкча балдардын жана социалдык мекемелердин кызматкерлеринин кышында ыңгайлуу жана коопсуз шарттарда болушун камсыз кылуу. Мэрия аталган иштерди жакынкы убакытта толугу менен бүтүрүүнү пландап, кышка даярдыкты жогорку деңгээлде камсыздоого өзгөчө көңүл буруп жатканын...

Read More

Базар-Коргон шаарынын мэри Осмонов Тамерлан Орунбекович шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө

Базар-Коргон, 20-август 2024-жыл – Базар-Коргон шаарынын мэри Осмонов Тамерлан Орунбекович шаар тургундары менен атайын графиктин негизинде жолугушууларды өткөрүүдө. Бул иш-чаралардын негизги максаты – тургундардын көйгөйлөрүн угуп, алардын сунуштарын жана ойлорун түздөн-түз кабыл алуу. Жолугушуулар ар бир кварталда жана аймакта өткөрүлүп, шаардыктардын турмуш шарттарын жакшыртуу, инфратүзүм маселелерин чечүү жана коомдук кызматтардын сапатын көтөрүү сыяктуу темалар талкууланууда. Мэр Осмонов Тамерлан жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгү шаардын ар бир тургунунун муктаждыгына ылайык болушу керектигин баса белгилеп, алардын сунуштарын угуу менен биргелешип иш алып барууну көздөйт. Тургундар мындай жолугушууларды жогору баалап, жергиликтүү бийлик менен ачык диалог түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Мэрия бул жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү...

Read More
Skip to content