Базар-Коргон, 20-август 2024-жыл – Базар-Коргон мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен Тазалык муниципалдык ишканасына жаңы погрузчик сатып алынды. Бул техника шаардагы тазалоо иштерин натыйжалуу жүргүзүүгө жана таштанды чыгарууну тездетүүгө багытталган.
Мэриянын өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы погрузчик шаардагы тазалыкты сактоо иштеринде чоң роль ойнойт жана ишкананын ишин жеңилдетет. Техника азыркы учурда шаар ичинде колдонуу үчүн даярдалып жатат жана жакын арада ишке киргизилет.
Бул кадам шаардын жашоочуларынын жашоо шарттарын жакшыртуу жана экологиялык тазалыкты сактоо максатында жасалган маанилүү инвестициялардын бири болуп саналат. Базар-Коргон мэриясы алдыда дагы ушундай саамалыктарды уланта берерин билдирди.