Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Базар-Коргон шаарынын мэриясы административдик муниципалдык кызматынын кенже топтогу муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт
Муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар:
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкү квалификациялык талаптар (К-А-2 бирдик, К-Б-1 бирдик)
1. Материалдык баалуулуктар жана эсептөө боюнча жетектөөчү адиси
2.Жер ресурстары жана турак жай маселелери боюнча жетектөөчү адиси
3.Социалдык маселелер боюнча адиси
1) кесиптик билимдин деңгээли:
-тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү орто кесиптик билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына талаптар коюлбайт.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
-төмөнкүлөрдү билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2022-жылдын 3- мартындагы №120 токтому менен бекитилген ” Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”
Ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
СЫНАККА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:
. Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына муниципалдык кызматтын тобун көрсөтүү менен жазылган жеке арыз;
. Резюме (электрондук почтасын, жеке идентификациялык номерин,соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен жана телефон номерин көрсөтүү менен);
. Өздүк таржымал ;
. Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;
. Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
. Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
Документтерди кабыл алуу жарыя “ММ кызмат” гезитине чыккан күндөн баштап, он (10) календардык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.
Дареги: Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Базар-Коргон шаары, К. Култаев көчөсү №84, Базар-Коргон шаарынын мэриясы
Байланыш телефондору: 03736 5 00 53, 0778 04 84 08, 0995 15 55 08
Сиз дагы биздин командабыздын бир бөлүгү болгуңуз келеби? Базар-Коргон мэриясында сизди кызыктуу мүмкүнчүлүктөр күтүп турат. Азыр кайрылып, карьераңызды жаңы деңгээлге көтөрүңүз!